КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кеңешинин VII – чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2022-жылдын 20-январы № 18
Кыштут айыл аймагына караштуу жер тилкелеринде мыйзамсыз курулган турак жайлардын жер аянттарын жерлердин түрүнө карап бекитип берүү жөнүндө
Кыштут айыл аймагына караштуу жер тилкелеринде мыйзамсыз курулган турак жайлардын жер аянттарын жерлердин түрүнө карап бекитип берүү максатында Кыштут айыл өкмөтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча жетектөөчү адиси А.Жусубалиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыштут айыл аймагына караштуу жер тилкелеринде мыйзамсыз курулган турак жайлардын жер аянттарын жерлердин түрүнө карап төмөнкүдөй бекитилсин:
- Үлүш жерлердеги мыйзамсыз курулуштарга 0,06 га чейин;
- Суулуу жана дыйкан чарбанынын жерлериндеги мыйзамсыз курулуштарга 0,08 га чейин;
- Жайыт жана башка жерлердеги мыйзамсыз курулуштарга 0,15 га чейин;
- 2003-жылдагы мамлекеттик системалык каттоодон өткөн мыйзамсыз курулуштарга 0,25 га чейин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мидинов |