ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 27
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3-кварталда аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 3-кварталындагы аткарган иштери боюнча ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын отчётун угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин 2021-жылдын 3-кварталындагы аткарган иштери канаатандыраарлык деп белгиленсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Д.Макановко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Сайкалова |