БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 28-декабры № 18
Бел-Алды айыл аймагынын Бел-Алды айылындагы №22 М.Жамгырканов мектебинин чатырын ремонттоо жөнүндө
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетинен өздүк салымды бекитүү жөнүндөгү ФЭБ башчы Ж. Сартованын сунушун карап көрүп Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Долбоор ишке ашып калса 2022-жылдын айыл өкмөтүнөн бюджетинен өздүк салым үчүн 247382 сом ( эки жүз кырк жети миң үч жүз сексен эки ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Долбоорду толугу менен аткаруу жана юридикалык иш кагаздарын даярдоо ФЭБ башчысы Ж.Сартова милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Бел-Алды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
А.А. Асанов |