ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XII сессия
2021-жылдын 29-декабры № 1
Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсү, 135 дарегинде жайгашкан 2157,8 чарчы метр жер аянтына Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.12.2021-ж.чыг.№01-12/1015-катты шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып жана шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсү, 135 дарегинде жайгашкан 2157,8 чарчы метр жер аянтына Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу үй куруу үчүн макулдук берилсин.
2. 2025-жылдын 1-январына чейин көп кабаттуу үйдүн курулушун бүтүрүү боюнча иш алып баруу Мамлекеттик ипотекалык компаниясына сунушталсын. 2025-жылдын 1-январына карата жогорудагы жер аянтына курулуш иштери башталбаса, бул токтом күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана шаар мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Боркулов) жер тилкесин бөлүп берүү үчүн КРнын мыйзамдарына жана ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Орозбаев |