ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XII сессия
2021-жылдын 29-декабры № 3
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16.12.2021-жылдагы кезектеги XI сессиясынын 6-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.12.2021-ж.чыг.№01-33/2530-катты, КРнын “Ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 16.12.2021-жылдагы кезектеги XI сессиянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда окулсун: “Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Жалал-Абад шаарына караштуу Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын административдик чек арасынын сызыктарынын жазылышы бекитилсин”.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын башчысына (Р.Жумабаев) токтомду аткаруу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Б.Беркбаевага милдетендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Орозбаев |