ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XII сессия
2021-жылдын 29-декабры № 4
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 06.09.2021-жылдагы кезексиз VII сессиясынын 3-токтомунун 2-пункту жөнүндө
Жалал-Абад шаарындагы К.Ташиев атындагы футбол академиясынын 23.12.2021-жылдагы чыг.№ 21-катты Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары карап чыгып, КРнын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 6-пунктун, 17-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, шаардык кеңештин депутаттарынын ой-пикирлерин эске алып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 06.09.2021-жылдагы кезексиз VII сессиясынын 3-токтомунун 2-пунктунун аракеттенүүсү 2022-жылдын 1-сентябрына чейин токтотууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Борукулов) өз ишмердүүлүгүндө кабыл алынган токтомдун негизинде иш жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н. Орозбаев |