Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2021–жылдын 28-декабры № 2/2

2022-жылга  Кербен  шаардык  кеӊешинин иш-планы жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» КР  Мыйзамынын   34-беренесине  негиз, 2022-жылга  Кербен  шаардык  кеӊешинин  иш-планын кабыл алуу жөнүндөгү маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  кеӊешинин  VIII  чакырылышынын  кезектеги  экинчи  сессиясы 

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. 2022-жылга  Кербен  шаардык  кеӊешинин  иш-планы кабыл алынсын  (тиркелет).

 2.  Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-

      Абад областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

     3.  Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.              

  1. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын  орун  басары Ч.Мамытовго  жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык кеңешинин төрагасы

Ж. Өмүралиев

Кербен  шаардык  Кеӊешинин 2021-

            жылдын 28-декабрындагы  № 2/2  токтому    

менен  бекитилген

2022-жылга  Кербен  шаардык  Кеңешинин

 

ИШ – ПЛАНЫ

            I квартал

 

1.    2021-жылда  Кербен  шаарынын социалдык-экономикалык иш-чараларынын  аткарылышы  жөнүндө.

2.    2021-жылда Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы  жөнүндө

3.    2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чаралары жөнүндө

4.    2022-жылга Кербен шаарынын бюджети жөнүндө

 

II квартал

 

Жалпы пайдалануудагы жерлерди жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана дем алуу жайларынын, парктардын, спорттук курулмалардын иштерин камсыз кылуу жөнүндө.

 

       III квартал

 

            1.Жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көбөйтүү боюнча көрүлүп        жаткан чаралар жөнүндө.

 

IV квартал

 

Муниципалдык менчикти башкаруунун абалы жөнүндө.

 

Кербен  шаардык  кеңешинин

жооптуу   катчысы:

 

Д.Алиев