Редакцияот 04.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жыл 4-ноябры № 6/1

Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фонддуна сунушталуучу долбоорду бекитүү жөнүндө

 

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагы боюнча чыгынды сууларды чыгаруучу канализациясынын жана топтоочу септиктеринин долбоорун 2022-жылы ишке ашыруу жөнүндөгү айылдык кеңешинин депутаттарынын өндүрүш, курулуш, транспорт, коммуникация, тазалык жана көрктөндүрүү боюнча турукутуу комиссиясынын төрагасы М.Жамалдиновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз VI сессиясы  токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн аймагы боюнча чыгынды сууларды чыгаруучу канализациясынын жана топтоочу септиктеринин жаңыдан даярдалуучу долбоору Ала-Бука райондук Өнүктүрүү фонддуна сунушталсын.

2. Аталган долбоордун архитектуралык-пландоочу шарттарын (АПШ) даярдоо жана райондук Өнүктүрүү фонддуна тапшыруу айыл өкмөтүнүн курулуш боюнча адисинин убактылуу милдетин аткаруучу И.Юлдашевге жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына      жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.