Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жыл 14-декабры № 8/1

Мунипалдык ишканаларга техника сатып алуу жөнүндө

 

Ала-Бука Водоканал Муницалдык ишканасы менен Ала-Бука Тазалык Муницпалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатында Hyundai R 140W-9S экскаватору менен таштанды ташуучу АЗКО-440-2-01 атайын унаасын сатып алуу тууралуу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII  чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы  токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл өкмөтү муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу үчүн лизинг аркылуу Hyundai экскаватору менен таштанды ташуучу унаасын (мусоровоз) сатып алууга макулдук берилсин.

2.  Лизинг аркылуу сатып алуунучу техникалардын тийиштүү иш кагаздарын даярдоо, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана муниципалдык ишканалардын  жетекчилери Б.Кулчинов менен Э.Акматовго жүктөлсүн.

3. Лизинг аркылуу сатып алып жаткан атайын техникалардын банктарга төлөнүүчү төлөмдөрүнүн жүз пайызын  (100 %) төлөөнү кепилдикке алсын.  

4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.