Редакцияот 10.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

 

2021-жылдын 10-ноябры № 27

Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Айгүл-Таш башталгыч мектебинин директору Полотов Бердиярдын билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Айгүл-Таш башталгыч мектебинин актовый залын оңдоп түзөө үчүн Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан которулган 80 200 сом (сексен миң эки жүз) акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Айгүл-Таш башталгыч мектебинин директору Полотов Бердиярдын билдирүүсүн окуп жана талкуулап

Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IХ сессиясы

токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетине Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан которулган 80 200 сом (сексен миң эки жүз) акча каражаты Айгүл-Таш башталгыч мектебинин актовый залын оңдоп түзөө үчүн бөлүнүп берилсин.
  2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Сыдыковго жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Бөрүев