Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 16-ноябры № 28

Суу-Башы айыл аймагынын менчигиндеги турган Боз-Адыр айылындагы ижарага берилген чайкананын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү келишимин жокко чыгаруу жөнүндө

 

Суу-Башы айыл аймагынын менчигинде турган Боз-Адыр айылындагы ижарага берилген чайкананын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн ижарага берүү жөнүндөгү келишимин жокко чыгаруу жөнүндө Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясында кызуу талкууга алынып, Баткен райондук прокуратурасына Суу-Башы айыл аймагынын тургундарынан келип түшкөн арыздарга жооп катарында Баткен районунун прокурорунун жардамчысы Н.Талантовдун

2019-жылдын 9-июлунда 11/724-19 сандуу жана Баткен районунун прокурору А.Исмановдун 2019-жылдын 9-июлунда 11/725-19 сандуу жазган катында Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” жана Граждандык Кодексинин талаптарынын аткарылышы боюнча мыйзамга таянып Суу-Башы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында 2011-жылдын

17-сентябрында Суу-Башы айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз

XXIX-сессиясында Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Чайканасын” ижарага берүү жөнүндө

5 сандуу токтому кабыл алынып, анда аталган имаратты 49 (кырк тогуз) жылга И.Пазыловго ижарага берүү жагы каралган. 2011-жылдын 30-сентябрында жогорудагы токтомду аткаруу максатында Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 9-35 сандуу токтому кабыл алынып, анын негизинде И.Пазыловго 49 (кырк тогуз) жылдык мөөнөт менен ижара келишими аркылуу пайдаланууга берилген. Бирок, 2011-жылдын 1-апрелинде токтомдор кабыл алынганга чейин ижаралоо келишими түзүлүп, мурдагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы (азыркы Мамлекеттик Кадастр мекемесинин Баткен филиалы) тарабынан В сериясындагы 067149 сандуу жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүк негизсиз ыйгарылган. Келишимде ижарачы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Пазылова жана ижаралоочу И.Пазыловдордун ортосундагы ижаралоо келишиминин предмети катары 264 м.кв имарат жана кабыл алынган токтомдордо көрсөтүлбөгөн 1,15 га жер участогу кошулуп, ижаралоо келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин ижаралоочу көрсөтүлгөн 1,15 га жер участогуна жеке менчик укугуна ээ болоору белгиленген.

Келишимде ижаралоочуга пайдалангандыгы үчүн айына 100 (жүз) сом акы төлөө милдеттендирилген. Төлөмдөр убагында төлөнбөсө келишимди жокко чыгаруу жагы каралган. Баткен райондук прокуратурасынын текшерүүсүндө 3,5 жылдан ашуун мөөнөтү төлөнбөгөндүгү жана келишимдин мыйзамсыз түзүлгөндүгү, талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.

Суу-Башы айылдык Кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу:

  • Элдин арызынын негизине карап жалпы элдин кызыкчылыгына пайдаланууга берилсин.
  • Айыл өкмөттүн балансындагы чайкана айыл өкмөтүндө өтүлүүчү маданий

иш-чаралар (энелер майрамы, майыптар майрамы, балдар майрамын ж.б) өткөрүү үчүн келишимди жокко чыгарып айыл өкмөттүн пайдалануусуна алынсын.

Суу-Башы айылдык Кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жогорудагы сунушун жана протоколунун чечимин эске алуу менен бирге Баткен райондук прокуратурасынан келген 2019-жылдын 9-июлундагы 11/724-19 сандуу жана 2019-жылдын 9-июлундагы 11/725-19 сандуу катынын негизинде Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы токтом кылат:

  1. 2011-жылдын 1-апрелинде түзүлгөн ижарачы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы (бошоп кеткен) Ж.Пазылова жана ижаралоочу И.Пазыловдун ортосундагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн пайдалануу үчүн чайкананы ижарага берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылсын жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна берилсин.
  2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин этика жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Бөрүев