СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 29
Суу-Башы айыл аймагынын Боз-Адыр айылындагы “Жан-Булак таза суу” коомдук бирикмесинин насостук станциясын өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Адыр айылындагы “Жан-Булак таза суу” коомдук бирикмесинин насостук станциясын Суу-Башы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө айыл тургундарынын арыздарын орундатуу максатында, Суу-Башы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун окуп жана талкуулап Суу-Башы айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги
Х сессиясы токтом кылат:
- Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Адыр айылындагы “Жан-Булак таза суу” коомдук бирикмесинин насостук станциясы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
- Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Бөрүев |