Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы аыйл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 16-ноябры № 30

Суу-Башы айыл аймагынын Апкан айылындагы клубдун атын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу жобону, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы  № 488 токтомун жетекчиликке алып, Апкан айылынын элдик жыйындын протоколунун №1 чечиминин негизинде Суу-Башы айылдык Кеңешинин

VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы токтом кылат:

  1. Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Апкан айылындагы клубдун аты

“Апкан машыгуу залы” деп өзгөрүлсүн.

  1. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Бөрүев