Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IХ сессиясы

 

2021-жылдын 28-декабры № 30

Сүлүктү шаарындагы Кошбулак поселкасындагы Кенжебаев көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө

            Слүктү шаарынын 2021-жыга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарындагы Кошбулак поселкасындагы Кенжебаев көчөсүнө асфальт төшөө, капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун (19%) өздүк салым 689985 ( алты жүз сексен тогуз миӊ  тогуз жүз сексен беш) сом акча каражаты Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюдждетинин эсебинен  каржылануу үчун 2022-жылдын бюджетине киргизилсин
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Төрага

 

. Мадамидов