Редакцияот 07.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV чакырылышынын III сессиясы

 

2021-жылдын 7-июну № 5

«Айдаркен шаарынын мэрин шайлоо жана Кадамжай райондук аймактык шайлоо   комиссиясынын  протоколун  бекитүү жөнүндө»

     “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын   43-беренесинин   1-4-пунктуна  ылайык ,  Айдаркен  шаардык  Кеңешинин  депутаттарынын   жашыруун  добуш  берүүнүн  жыйынтыгынын негизинде  шаардык  кеңештин  IV- чакырылышынын  III- сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кадамжай  аймактык  шайлоо комиссиясынын  добуш берүүнүн  жыйынтыгы боюнча протоколу бекитилсин.
  2. Шаардык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Мурзажанов Алтынбек Саматович  Айдаркен шаарынын мэри болуп шайлансын.

 

Төрага

 

Н.М. Касымов