Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 4 сессиясы

 

2021-жылдын 26-июлу № 7

Айдаркен шаарынын куруучулар көчөсүндөгү “Мээрим” балдар ойноочу аянтчанын  атын өзгөртүп “Үмүт эне” атын ыйгаруу  жөнүндө

      Айдаркен шаарынын куруучулар көчөсүнүн тургуну болгон Эгембердиева Үмүт эже куруучулар көчөсүндө жайгашкан азыркы “Мээрим” балдар ойноочу аянтчага салымы өтө чон, ошол аянтчаны карап ондоп түзөп,балдар ойноочу аянтча болушуна себепкер болгон.  Кызы Эгембердиева Жибектин кайрылуу катын карап, куруучулар көчөсүнүн жашоочуларынын сунуштарын талкуулап, шаардык кеңештин депутаттарынын чечиминин негизинде Айдаркен шаардык кеңеши

ТОКТОМ    КЫЛАТ

1.     Маркум Эгембердиева Үмүт эженин кызы Эгембердиева Жибектин куруучулар көчөсүндө жайгашкан “Мээрим” балдар ойноочу аянтчаны атын өзгөртүп”Үмүт эне”балдар ойноочу аянтча аталуу сунушу   жактырылсын.

2.    Куруучулар көчөсүндө жайгашкан “Мээрим” балдар ойноочу аянтча мындан ары,көп жыл салым кощуп ондоп түзөп келгендигин эске алуу жана мындан кийинда даталуу күндөргө иш-чара өткөрүп,балдардын ойноосуна шарт түзүп керектүү шаймандарды курууга убадасын бергенин эске алуу  менен “Үмүт эне” балдар ойноочу аянтча болуп өзгөртүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо,регламент,депутаттык мандат боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы К.Д.Кузиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Н.М. Касымов