АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 7 сессиясы
2021-жылдын 17-декабры № 14
«Айдаркен шаарындагы №-5 “Солнышко”балдар бакчасындагы жылытуу системасын алмаштыруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө»
№5-“Солнышко”балдар бакчасынын жетекчиси Г.А.Орунбаеванын балдар бакчасындагы жылытуу системасын алмаштыруу боюнча долбоордун өздүк салымы жөнүндөгү сунуш каты менен таанышып, “Бюджет,экономика, финансы жана фискалдык саясат” боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен, Айдаркен шаардык кеңеши сессиянын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №5-“Солнышко”балдар бакчасындагы жылытуу системасын алмаштыруу долбооруна өздүк салым жергиликтүү бюджеттин эсебинен 526 000 миң (беш жүз жыйырма алты миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
3. Токтомду каттоодон өткөрүү областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага | Н.М. Касымов |