Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айдаркен шаардык кеңешинин IV чакырылышынын 7 сессиясы

 

2021-жылдын 17-декабры № 19

Достук көчөсүндө жайгашкан эки даана курулушу башталып  бүтө элек көп кабаттуу  үйлөр жөнүндө

        Достук көчөсүндө  жайгашкан көп кабаттуу эки даана  курулушу башталып  бүтө элек үйлөр “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде эч кимге катталбагандыгына  байланыштуу Айдаркен шаардык кеңеши “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын   каты менен таанышып сессиянын протоколунун негизинде  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Достук көчөсүндө жайгашкан  көп кабаттуу эки даана курулушу башталып  бүтө элек  үйлөр “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде эч кимге катталбагандыгы байланыштуу Айдаркен шаардык мэриянын балансына алынсын.                                                                
  2. Достук көчөсүндө жайгашкан  көп кабаттуу эки даана курулушу башталып  бүтө элек  үйлөрдү бүтүрүү үчүн инвенсторлорду  тартуу менен иш алып баруу жагы каралсын.
  3. Токтомду аткаруу Айдаркен шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
  4. Токтомду каттоодон өткөрүү областтык Юстиция башкармалыгынан суралсын.  

 

Төрага

 Н.М. Касымов