КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 23-декабры № 32
Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетине 2021-жылдын 9 айына карата кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 12 айына карата Кадамжай шаарынын Трансферттер боюнча 45,8 миң сом жана Тогуз-Торо районунан КР кабинеттер министрлигинен камкордукка (шефтике) бекитилип шаардын өнүгүшүнө 100,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Кадамжай райондук башкармалыгына сунушталып, жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар бөлүгөнө 100,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, биздин атайын каражаттар эсебине келип түшкөндүгүнө кошумча акча каражатын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бөлүштүрүү жөнүндө сунушун карап, талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 12 айына карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Аппаратка: экономист – статистин 2111 эмгек акысына -33,6 миң сом; 2121 соц фондко- 11,5 миң сом; 2222 мүлктү учурунда оңдоого -0,2 сом; 2212 телефон кызмат көрсөтүүгө 0,5 миң сом.
Аппараттын атайын каражатына: 3111 Курулмалар статьясына 100,0 миң сом жана 3112 Машиналар жана жабдуулар стаьясына -100,0 миң сом.
Жалпы: Экономист- статистинин чыгаша бөлүгүнө -45,8 миң сом.
Жалпы: Атайын каражат счетуна - 200,0 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдыразаков |