КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 11/3
Айыл аймагындагы жер салыгы боюнча жеңилдиктерден пайдалануучу атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
- Салык төлөмдөрдүн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Кара-Шоро айылынын тургундары физикалык(тамарка), юридикалык(улуш) айыл чарбасына жараксыз жер салыгынан жер патент төлөмдөрүнөн бошотулсун.
- Салык төлөмдөрдүн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган согушунун катышуучулары, Чернобль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2-топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
- Көтөрмө айыл өкмөтүнө караштуу Тамаша, Көтөрмө айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыгынан 50% пайызга бошотулсун.
- Тамарка салыгы коэффиценти (К,з) 1,0 эсебинде калтырылсын
- Айыл чарбасына жараксыз жер салыгы коэффиценти (Кз) 1,2 эсебинде калтырылсын.
- Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ нүн башчысы А.Тажибаевагв, киреше бөлүмүнүн башчысы М. Султановго жүктөлсүн
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Бактыбаев |