КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 11/6
«Кайнар-Булак» ИСКАКБ нын 2022-жылга суу пайдалануучуларынын тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. «Кайнар-Булак» ИСКАКБ нын 2022-жылга суу пайдалануучуларынын тарифи ар бир суу пайдалануучуга бир айга 15 сомдон, үйүнө суу киргизип алгандар үчүн жан башына 30 сомдон бекитилсин.
2. Сууну үнөмдүү жана коромжусуз пайдалануу максатында ар бир үй бүлө өзүнүн каражатынын эсебинен суу эсептегичтер орнотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көтөрмө айылынын айыл башчысы Ө. Азимбаевге жана «Кайнар-Булак» ИСКАКБ нын башчысы К. Аликуловдорго жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Бактыбаев |