Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы

 

2021-жылдын 29-декабры № 11/7

Айыл аймагынын жакынкы жана алыскы жайыттарына сырттан келген малдардын кирүүсүнө убактылуу тыюу салуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Көтөрмө айыл аймагынын жакынкы жана алыскы жайыттарын сактоо, туура пайдалануу максатында, башка айыл аймактардан келген малдарды киргизүүгө убактылуу тыюу салынсын.

 

2. Ушул токтомду бузууга жол койгон жарандардын жоопкерчилиги  мыйзам чегинде каралсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына, айыл башчыларга, аймактын тескөөчүгө жүктөлсүн.

 

Көтөрмө айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

 

А. Бактыбаев