Редакцияот 29.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VII чакырылыш ХI сессиясы

 

2021-жылдын 29-декабры № 11/9

Көтөрмө айыл аймагынын  Машалаң, Ыргайыл участкаларынан кичи ГЭС терди куруу үчүн жер аянттарын транформациялоо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Көтөрмө айыл аймагынын  Кара-Шоро айылынын Машалаң участкасынан  «КДМ Гидро» ЖЧК сы тарабынан кичи ГЭС куруу үчүн 7,5 га жер аянтын трансформациялоо Көтөрмө айыл өкмөтүнөн суралсын.

2. Көтөрмө айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын Ыргайыл участкасынан «Кара-Казык» ЖЧК сы тарабынан кичи ГЭС куруу үчүн 6.45 га жер аянтын трансформациялоо Көтөрмө айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер адиси А.Манасбаевге жүктөлсүн

 

Көтөрмө айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Бактыбаев