Редакцияот 16.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2021-жылдын 16-декабры № 51

Кезексиз жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикамынын “Турак-жай кодексинин” 13-беренесине ылайык, ата-энелеринин көзөмөлчүлүгүсүз калган жетим балдарга, турак-жайларды кезексиз берүүгө макулдук берүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикамынын “Турак-жай кодексинин” 13-беренесине ылайык төмөтөгү жарандарга кезексиз жер аянты берилсин,

1. Нийматилла уулу Абдимамин

2. Маматаиров Алишер Пайзиматович

3. Пайзимат уулу Ажибай

4. Мукарам уулу Артыкбай

5. Жарматов Нурмухаммед Усилидинович

6. Маматаиров Жыргалбек Пайзиматович

7. Маматаиров Шумкарбек Пайзиматович

8. Нийматилла уулу Абдулсамат

9. Байитов Абдуллахат Нийматиллаевич

10. Жарматов Нурбоил Уснидинович

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова