КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 16-декабры № 53
Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурдагы мечиттин жайын турак-жай багытына өзгөртүү үчүн Чет-Кызыл айылынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|