Редакцияот 24.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы

 

2021-жылдын 24-декабры № 57

Айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

“Датка” жоопкерчилиги чектелген коомунунун №6911 СР лицензиясынын негизинде,  Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан - 1” участкасынан   198,2 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

Токтом кылат

1. “Датка” жоопкерчилиги чектелген коомуна №6911 СР лицензиясынын негизинде Кара-Бак айыл өкмөтүнүн “Урмизан-1” участкасынан  198,2 га   жер аянтына көмүр корун изилдөөгө  уруксат берилсин.

2. “Прадо и Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү мезгилинде аймактагы экологиялык коопсуздукту сактоо менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрайымы:

 

Ж. Шадиманова