КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясы
2021-жылдын 24-декабры № 59
“Баткен - Кара-Бак жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, “Баткен” акционердик коомунун кайрылуусун карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин финансы комитетинин төрагасы Р.Султановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап маршруттук каттамдын тарифине макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. Баткен - Кара-Бак жана Баткен - Кызыл-Бел маршруттук каттамынын жол акысын тарифи бир кишиге 25 сомдон болуусуна макулдук берилсин.
2. Ар 30 мүнөт аралыгында каттам жүрүп, “Баткен” акционердик коому тарабынан жадыбалы аялдамага илинсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Тулановго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: |
Ж. Шадиманова |
|