Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы

 

2022-жылдын 19-январы № 46

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  катын кароо жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-декабрында жазган № 04-27/1040 сураныч катын угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын Калинин участкасынан Абдурахманов Равшанбек Орозбаевичтин өзүнүн макулдугу менен өзү өздөштүрүү үчүн 10 жылга ижарага алган жеринин күн чыгыш тарабынан,Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасына элдерди таза-суу менен камсыз кылуу максатында тик кудук казуу үчүн   0,10 га жер аянтына макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтомго керектүү болгон иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Байзаковго милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К. Шакиров