КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 10-сессиясы
2022-жылдын 19-январы № 51
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн иш планын карап чыгып,айылдык кеңештин төрагасы К.Шакировдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Кара-Булак айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары иш планда көрсөтүлгөн тапшырмаларды өз убагында аткарууга алып,маалымат берип турушсун.
3. Кара-Булак айылдык кеңешинин 2022-жыл үчүн түзүлгөн жылдык иш планын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Касымов Сулайманга тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага | К. Шакиров |