КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) 7 сессиясы
2021-жылдын 22- декабры № 7/16
Кызыл–Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2021–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кеңештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын, туруктуу комиссиясынын 2021–жылдын 03–декабрындагы №9 протоколунун чечимин эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясында 2021-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары боюнча контролдук суммасы 132159,3 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын 2021-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 2021–жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн аткарылышы 116723,3 миң сом, чыгаша бөлүгү 76067,2 миң сом өлчөмүндө аткарылгандыгы бекитилсин (тиркемелер тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |