Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2021-жылдын 24-декабры № 1

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн айылдарындагы мыйзамсыз курулган үйлөрдүн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевдин мыйзамсыз курулган үй жай курулуштарын жер аянтын 0,12 га бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Төрт-Гүл айыл өкмөттүн аймагындагы мыйзамсыз курулган үй жай курулуштарын жер аянтын 0,12 габекитип берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасынын

орун басары

 

 

Садир у. Н.