АЛАЙКУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алайку айылдык кеңешинин (7-чакырылышынын) биринчи уюштуруу сессиясынын
2021-жылдын 24-майы № 1/7
Алайку айыл өкмөтүнүн аймагында көчүп конуунун мөнөтүн белгилөө жана тартибин кароо жөнүндө
Алайку айылдык кеңеши депутаттарды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагында көчүп конуунун мөнөтүн белгилөө жана тартибин кароо максатында айыл башчылар менен сүйлөшүлөрдүн негизинде макулдашылган мөнөт 2021-жылы 25-майдан эл жайлоого толук көчүрүлсүн. Жайлоодон айылга көчүп түшүү 2021-жылы 29-августан уруксат берилсин.
2. Элди жайлоого көчүрү жана кочуп келүү тартиби так аткарылсын.
3. Жогорудагы белгиленген тартип жарандар тарабынан бузулса, бузуулар кодексинин негизинде айып салуу жана тартипке чакыруу бузуулар комиссиясы, айыл башчы жана айылдын участковойуна тапшырылсын.
4. Алайку айыл өкмөтүнүн аймагына башка айыл өкмөтүнүн аймагынан жайыт пайдаланууга мал алып келсе Алайку айыл өкмөтүндөгү мал жандыка чегерилген жайыт акысынан эки эсе көп өлчөмдөгү жайыт акысы чегерилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы Алайку айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Алайку айылдык кеӊешининин жаш курагы уулу депутаты: |
К. Д. Чордонова |