Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги V-сессиясы

 

2021-жылдын 16-ноябры № 21

Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө бир жаранга 5 гектарга чейин  берүү жагына чектөө коюу жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө  бир жаранга 5 гектарга чейин  берүү жагына чектөө коюу жөнүндө айылдык кенешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1. Ийри-Суу  айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПС тин жерлерин ижарага берүүдө  бир жаранга 5 гектарга чейин берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин  төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кыргызбаев