ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык Кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 22
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык Кенешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1. Кара-Бет участкасынан жараксыз жерден бак-дарак эгип өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн убактылуу ижарага Жийде айылдын тургуну Барманкулов Муктаралига бөлүнүп берилсин.
2. Чангет ашуусундагы жолдун боюндагы жараксыз жерлерди өздөштүрүп көрктөндүрүү үчүн убактылуу ижарага Жийде айылынын тургуну Алимбеков Раимбекке бөлүнүп берилсин.
3. Ак-Терек айылынын тургуну Момун уулу Маратка атасы Байтишов Момундун кашаасынын ичинен 0,12 сотих жер жеке менчик үй курууга ,Ак-Терек айылынын тургуну Момун уулу Кадырбекке атасы Байтишов Момундун кашаасынын ичинен 0,12 сотих жер жеке менчик үй курууга,Жийде айылынын тургуну Мамадали уулу Уларбекке Сасык-Булак участкасынан авасы Зулпукаров Жолчубайдын кашаасынын ичинен жеке менчик турак жай куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин жана жеке менчик турак жай курууга бөлүнүп берилген жер тилкелери айылдын башкы планына киргизилсин.
4. Корс- Этти айылынын тургуну Юсупбек кызы Гуландага жеке менчик үй салууга бөлүнүп берилген жер тилкеси, Жангакты айылынын тургуну Узакбай уулу Алманбетке үй салууга бөлүнүп берилген жер тилкелери айылдын башкы планына киргизилсин.
5. Ак-Терек айылынын тургуну Мамашарипов Мирланга Тактагай дыйкан чарбасына бөлүнүп берилген чабандык үй менен сарайдын жер участогу элдин макулдугу менен жеке менчикке өтткөрүп алгандыктан азыр жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылып берилсин.
6. Корс- Этти айылынын тургуну Токтобаев Кубанычбектин жеке менчик турак жайын жана жер тилкесин мыйзамдаштыруу үчүн айылдын башкы планына киргизилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.
8. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев. |