ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги V-сессиясы
2021-жылдын 16-ноябры № 24
Айыл аймагындагы мал – жандыктарды эмдөөдө Ветинспекторлордун кызмат акысынын бекитүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакрылышынын) кезектеги V-сессиясынын күн тартибиндеги Айыл аймагындагы мал – жандыктарды эмдөөдө Ветинспекторлордун кызмат акысынын бекитүү жөнүндө айыл аймагындагы Ветинспекторлордун кайрылуу катын угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1. 2022- жылдын 1- январынан тартып айыл аймагындагы жылкы, кара-малга 80 сомдон, кой-эчкиге 30 сомдон эмдөөгө Ветинспекторлордун кызмат акысы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн Ветинспектору Б.Төлөшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке милдеттендирилсин.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев. |