Редакцияот 30.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги VI-сессиясы

 

2021-жылдын 30-ноябры № 29

Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасына жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты  айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн  сунушун  угуп жана талкуулап  Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,

 

1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жангакты айылына таза суу чыгаруу үчүн   суу кампасын курууга  Жангакты айылындагы  1003 контрунан 0,40 га  жер тилкеси бөлүнүп берилсин

2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин  төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.

 

Ийри-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Кыргызбаев.