ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезектеги VI-сессиясы
2021-жылдын 30-ноябры № 30
Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына таштанды таштоого жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакрылышынын) кезексиз VI-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына таштанды таштоого жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылына таштанды таштоого Кыргызстан айылындагы 1006 контрунан 0,50 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев. |