ИЙРИ СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII чакырылышындагы) кезексиз VII -сессиясы
2022-жылдын 17-январы № 32
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VII-чакырылышынын) кезексиз VII-сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жарандардан Ийри-Суу айылдык Кенешине келип түшкөн арыздарды канааттандыруу жөнүндө маселенип угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык Кенеши төмөндөгүдөй, токтом кылат,
1. Корс-Этти айылындагы мектептин артында жаны түшкөн айылга турак жай куруу үчүн жер тилкеси трансформация болуп мыйзамдуу болгон мезгилден тартып Апилов Жээнбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтошов Раимбектин жашап жаткан үйүнүн тийиштүү иш кагаздары жок болгондугуна байланыштуу мыйзамдаштыруу үчүн токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
3. Кыргызстан айылынын тургуну Масирова Убадаттын турак жай куруу үчүн арызында көрсөтүлгөн жер тилкеси айылдын башкы планына киргизилсин.
4. Корс-Этти айылынын тургуну Исманов Максаталинин кашаасынын ичиндеги жер тилкеси айылдын башкы планына киргизилсин.
5. Ак-Терек айылынын тургуну Кармышаков Абдыманаптын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
6. Жийде айылынын тургуну Камчыбеков Гулнаранын жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин .
7. Жийде айылынын тургуну Мисиралиев Карыпбайдын жашап жаткан үйүнө жана айланасындагы 0.20 га жер аянтына токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
8. Кыргызстан айылынын тургуну Чабанов Уланбекке апасы Халматова Халиманын огортунун ичинен үй салууга жер бөлүнүп берилип токтом чыгарылсын, айылдын башкы планына киргизилсин .
9. Кыргызстан айылынын тургуну Раимбердиев Сейитбектин жашап жаткан үйүнө токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин
10. Ак-Терек айылынын тургуну Барманкулов Урматбекке өзү пайдаланып жүргөн кашаасынын ичинен үй салууга 0,08 га жер тилкесине токтом чыгарылсын жана айылдын башкы планына киргизилсин.
11. Жийде айылынын тургуну Мамырова Алинага мурун түзөп коюлган жерден үй салууга 0.08 га жер тилкесине токтом чыгарылсын.
12. Топчубаев Камчыбектин арызынын негизинде мурунку Мин-Өрүк кооперативинин элдик жыйынынын( 05.07.2021-ж) токтому канааттандырылып Топчубаев Камчыбекке курулуштун ордунан 0,054 га, алды жагынан 0.06 га жана курулуштун арт жагынан 0,042 га жалпы аянты 0.15 га убактылуу пайдаланууга токтом чыгарылсын.
13. Жийде айылынын тургуну Барманкулов Айдарбекке Кара-Бет участкасынан пайдаланылбай жаткан жерден 1 га жер аянты бак-дарак эгип өздөштрүүгө убактылуу пайдаланууга берилсин.
14. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарба, жайыт, жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун бөлүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Мисиралиевке жүктөлсүн.
15. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары Акмат уулу Эрмекке тапшырылсын.
Ийри-Суу айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Кыргызбаев. |