Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 118 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (V чакырылыш)
2021-жылдын 24-декабры № 21
«Келечекке татыктуу шаар» аталышындагы Ош шаарын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 26-ноябрындагы №08-13/1336 каты менен сунушталган, «Келечекке татыктуу шаар» аталышындагы Ош шаарын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Программасын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимдерин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. «Келечекке татыктуу шаар» аталышындагы Ош шаарын 2022-2025-жылдарга өнүктүрүү Программасы бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д. Абдуллаев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Назылбеков |
Ош шаардык кеңешинин
2021-жылдын 24-декабрындагы
кезектеги VI сессиясынын
№21 токтомуна тиркеме
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
«Келечекке татыктуу шаар»