КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) I-сессиясынын
2021-жылдын 11-майы № 2
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 38-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин Эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 11-майындагы №3 протоколунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна айылдык кеңештин депутаты Юсупбекова Гулзода Шавкатбековна шайланды деп эсептелсин.
2. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына, Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |