Редакцияот 04.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) II-сессиясынын

 

2021-жылдын 4-июну № 1

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 6-, 7-, 14- жана 18-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндөгү” жобосуна, 2021-жылдын 19-майындагы № 226 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы протоколунун негизинде Кашкар-Кыштак айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кара-Суу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-июнундагы протоколу бекитилсин.

2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы бош кызмат ордуна Маматов Руслан Номанжанович шайланды деп эсептелсин.

3. Шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколдун бир нускасы Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүү жана расмий сайтына жайгаштыруу, бирден нускалары Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сактоо үчүн, райондук мамлекеттик администрациясына таанышуу үчүн жөнөтүлсүн жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү бардык кызыккан тараптарга берилсин.

 

Төрага

Нурдинов З.