Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июну № 4

Айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоп-түзөө иштерине акча каражатын ажыратуу тууралуу

 

Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаевдин айыл өкмөттүн имаратын оңдоп-түзөө иштери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүүөзалдынчабашкаруужөнүндөгү”№ 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1 бөлүкчөсүнө ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айылдык кенеш   токтом кылат :

   1.Айыл өкмөтүнүн имараты эскилиги жетип, капиталдык оңдоп-түзөө иштери талап кылынгандыгына байланыштуу жергиликтүү бюджеттен түзүлгөн сметага ылайык акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.

   2.Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нө (Рахматов Р) – оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн каржылоо булагын издеп тапсын.

   3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк  боюнча комиссиясына

жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.