Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июну № 5

Айылдык кеңештин материалдык-техникалык базасын чыңдоо тууралуу

Депутаттар  айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Г. Юсупбекованын айылдык кенештин ишин жүргүзүү, жаңы технологияларды колдонуу менен айылдык кенештин материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жергилдиктүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу  жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, КР 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1 бөлүкчөсүнө ылайык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунунөкүлчүлүктүү органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айылдык кеңеш токтом кылат :

1. Айылдык кеңештин ишин санариптештирүү жана жаны технологияларды колдонуу үчүн  эмеректерди, компьютер жана оргтехника сатып алуу үчүн  акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-нө (Рахматов Р) –  эмеректерди, компьютер жана оргтехника сатып алуу  үчүн каржылоо булагын издеп тапсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк  боюнча комиссиясына

жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Г.Нурдинов