Редакцияот 17.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июну № 6

Калктуу конуштардын генералдык планына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 Депутаттар  айыл  өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Журабаев Миркамилдин жашаган үйү турган жер тилкеси генпланга кирбей калгандыгы   жөнүндөгү арызы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыккандан кийин, айылдык кеңеш   токтом кылат :

   1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Журабаев Миркамилдин арызы боюнча жеринде изилдөө жүргүзүү айылдык кеёештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды катоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына тапшырылсын.

   2. Комиссиянын изилдөөсүнүн жыйынтыгы айылдык кенештин кийинки сессиясында каралсын.

   3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештинКыймылсыз мүлккө укуктарды катоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.