КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) III-сессиясынын
2021-жылдын 17-июну № 9
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын кайрадан түзүү тууралуу
Депутаттар айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин айыл өкмөтүнүн башчысы, депутаттар жана башка адистер алмашкандыгына байланыштуу комиссиянын курамын кайрадан түзүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чык- кандан кийин, КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнүн жана 4-бөлүмүнүн 4-бөлүкчөсүнүн, КР ЖК “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүш- түрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттарыжөнүндөгү” 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде айылдык кенеш токтом кылат :
1. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясы нын курамы тиркемеге ылайык кайрадан түзүлсүн. (Тиркеме тиркелет)
2. Комиссия мүчөлөрүнө – өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алуу менен ачыктыкты жана айкындыкты камсыз кылышсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештинКыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |
| Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-июнундагы № 3 сессиясынын № 9 токтомуна тиркеме |
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы
1. Мамажунусов К – комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты,
2. Абдылдаев М.М.–комиссиянын мүчөсү, айыл өкм.башч. орун басары, айыл өкмөтүнүн башчысын орун басары
3. Мамедов К. – комиссиянын мүчөсү, Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаменттин башчысы
4. Топчубаева С.– комиссия мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
5. Динбаев А – комиссия мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жер адиси,
6. Тойчиев Р. - комиссия мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
7. Ташматов Х. - комиссия мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
8. Анарбаев Ш. – комиссия мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
9. Айыл башчылар - комиссия мүчөлөрү ар бир айылдын айыл башчылары
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы : |
М. Маматалиев |