Редакцияот 17.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июлу № 3

Козуев Абибилланин арызы жөнүндө

 

Депутаттар жаран Козуев Абибилланин Кашкар-Кыштак айылын аралап өткөн “Өзгөн” каналынын суу коргоо аймагындагы суу коргоо тилкесине женил конструкциядан убактылуу курулушка контейнер орнотууга Ош бассейндик суу чарба башкармалыгы тарабынан уруксат берилгендиги, техникалык шарттары түзүлгөндүгү, ошонун негизинде каналдын боюнан 960 чарчы метр жер тилкесин Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен ижара келишимин түзүп, иштетүү жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, КР “Жер кодексинин” 18-беренесининин 4-бөлүгүнүн, 29-беренесининин 5-бөлүгүнүн, “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүнүн, 5-бөлүмүнүннегизинде айылдык кеңеш токтом кылат :

 

1.“Өзгөн” каналынын суу коргоо аймагындагы суу коргоо тилкесине женил конструкциядан убактылуу курулуш курууга көлөмү 960 чарчы метр болгон жер тилкесин ”Россия нефть” ишканасына (Козуев А) көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2.“Россия нефть” ишканасы менен бардык шарттарды эске алуу менен ижара келишиминтүзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнгча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.