КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын
2021-жылдын 17-июлу № 4
Абдуллаев Нажюлла Набижановичтин арызы жөнүндө
Депутаттар Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Абдуллаев Нажюлла Набижановичтин Кашкар-Кыштак айылынын “Опыт” участкасында көп кабаттуу үй куруу жөнүндөгү арызын угуп жана талкуулап, “Жер кодексинин” 18-беренесининин 4-бөлүгүнүн, “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүнүн негизинде жана Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын алдында 2021-жылдын 16-июлунда болуп өткөн шаар куруу кенешинин жыйынынын №3 протоколунун 6-пунктуна жана айылдык кенештин тиешелүү туруктуу коммиссиясынын сунушуна ылайык айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Кашкар-Кыштак айылынын тургуну Н. Н. Абдуллаевдин Кашкар-Кыштак айылынын “Опыт” участкасында жайгашкан өзүнүн жеке менчик жер тилкесине көп батирлүү 9 кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |