КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын
2021-жылдын 17-июлу № 5
Бекжар айылындагы жайыт жерлеринин пайдалануу багытын кароо жөнүндө
Депутаттар Бекжар айылынын айыл башчысы Акимжан уулу Нуркыяздын жайыт жерлерди пайлануунун абалы жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, КР “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүмүнүн 4-бөлүкчөсүнүн негизинде жана жакынкы жайыттардын абалын жакшыртуу жана келечекте сактап калуу максатында айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Бекжар айылынан жогору жайгашкан жакынкы Айкөл, Баткак жана Ак-Кыя жайыттарына жана жергиликтүү калктын чөп орок жерлерине жазгы, күзгү мал айдоо мезгилдеринде мал жандыктарын багууга тыюу салынсын.
2. Мал айдоо мезгилдеринде алыскы болуп эсептелген Чыйырчык, Кара-Чукур жайыттарына жакынкы жайыттардан мал жандыктарынын токтоосуз өтүп кетишин көзөмөл кылуу айыл өкмөтүнө, милиция кызматкерлери менен биргеликте Бекжар айылынын айыл башчысына жана Жайыт комитетине тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун шарттарына баш ийбеген мал жандык ээлерине карата мыйзамдарда каралган шарттарда чара колдонулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Нурдинов З.Г. |