Редакцияот 17.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын

 

2021-жылдын 17-июлу № 6

Мөнөк айылындагы 18 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө

 

Депутаттар  айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Динбаевдин Мөнөк айылынын борборунда муниципалдык менчикке тиешелүү болгон 18 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жер тилкеси боюнча түзүлгөн актынын жана КР “Жер кодексинин” 12-беренесинин 1-пунктунун, “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинини 5-бөлүмүнүн негизинде жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу  максатында айылдык кеңеш токтом кылат :

 

1. Мөнөк айылынын борборунда жайгашкан муниципалдык менчикке тиешелүү болгон 18 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Жер тилкесин ижарага берүү үчүн тиешелүү иш чараларды өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин  Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Нурдинов З.Г.