КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (жетинчи чакырылыштагы) IV-сессиясынын
2021-жылдын 17-июлу № 7
Кашкар-Кыштак айылынын борборунда башаламан соода кылгандарды тартипке келтирүү жөнүндө
Депутаттар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М. Абдылдаевдин Кашкар-Кыштак айылындагы борбордук базардын айланасында башаламан соода кылган жеке ишкерлердин айынан жолдо автоо унаалардын тыгындары болуп жаткандыгы, антисанатариялык абал күчөп, КОВИД-19дун көбөйүшүнө шарт жаралып жаткандыгы жана аларды тартипке келтирүү жөнүндөгү жана бул маселе жыл сайын айылдык кенештин сессиясында каралып жүргөндүгү, ошондуктан бул көрүнүшкө кескин түрдө бөгөт коюп, иретке келтирүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, КР “Өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-бөлүкчөсүнүн негизинде жана базардын айланасында башаламан сооданы четтетүү жан антисанитариялык абалдын курчушуна бөгөт коюу максатында айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Кашкар-Кыштак айылынын борборундагы базардагы жолдун боюнда жыл сайын иретсиз соода кылган (айрыкча, арыктын четинде отуруп саткан жана “Портер” менен дарбыз-коон, жашылча-жемиш, көмүр, чөп, ж.б.) жеке ишкерлерди жайгаштыруу үчүн ылайыктуу жер издеп табуу, базар уюштуруу жана ошол базарга көчүрүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Жаны уюшулган базарга көчүрүү убагында иреттүү соода жүргүзүү жана санитардык-гигиеналык абалды сактоо жөнүндө соодагерлер арасында милиция жана санэпидстанция кызматкерлери менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, базар, энергетика комиссиясына жүктөлсүн.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы |
Нурдинов З. |